Азыркы учурда кыйналып жаткан айымдарга жазгым келди. Мен ала качуунун курмандыгы болгом. Күйөөм кызыл камчы болчу. Кордугуна чыдабай балам 6 айлык кезинде ажырашып үйдөн куулуп, чыгып кеттим. Ажырашсам да көчөдөнбү кайсы жерден көрсө дагы сабап жатып калчу. Ишенесиңерби сабап жатканда бир да адам келип ажыратып койчу эмес.

Көп эле жолу көчөдөн токмок жедим. Ал гана эмес жеңем да күнүмдү караңгы кылчу. Баламды чаап, кагып силкип зээнимди кейитчү. Мен ошол кезде аябай жоош экенмин. Сөз кайтарып өзүмдү же баламды коргой алчу эмесмин. Күндө Кудайдан менин да бакыттан башым айланган күнүм болоор бекен деп тиленчумун.

Кудайыма миң мертебе шүгүр бир адам менин жашоомду түп тамыры менен өзгөрттү. Кудайым бизге коргоочу жиберди. Азыркы жолдошума жолуктум. Өзү үйлөнө элек болсо дагы балам менен алды.

Андан бери 4 жыл өттү. Азыр бактылуумун. Кайын журтум дагы жакшы бир жаман сөз айткан жок. Жомокто жашап жаткандаймын. Аа биринчи күйөөм аялдан аял кетирип коюп жүрөт Женем болсо 3 баласы менен ажырашып кетишкен. Таба эмес тобо. Силерге да Кудайым жакшы күндөрдү насип этсин. Жашоо бумеранг бирөөгө эмне кылсаң айланып эле эртең сага келет. Кайтар дүйнө деп бекеринен айтпайт тура.