Экс президент Роза Отунбаева жакында 23-августа 70 жашка толот. Туулган күнүнүн урматына Роза айымды куттуктап, белек-бечкек бергендер дагы көп болот. Бирок, экс президент белек кеткен каражатты дарыгерлерге берүүнү сунуштап, төмөнкүдөй карылуу жолдоду.

«Урматтуу Мекендештер, достор, коллегалар жана жакындарым! Ар дайым даталуу күндөрдө мени  чын ниетиңер менен куттуктап, кымбат баалуу гүл белектерди берип келесиздер! Жакындап келе жаткан  23 августтагы  70 жылдык мааракеме байланыштуу кайрадан белектер жана айрыкча  гүлбелектер тартуулана баштайт. Мен ошол ар кандай баалуу белектерден жана гул белектерди алуудан  баш тартам. Белек алуу мезгили эмес. 

Дүйнө жүзүндө, анын ичинде кыргыз элим дагы таажывирустан далай азаптарды көрдү, жоготуулар болду. Оору менен күрөшүүдө өмүрүн тобокелге салып дарыгерлер менен катарда миңдеген медсестралар иштешти. Мага бере турган гүл белектерди  ала турган акчаңыздарды 100 сом болсо дагы атайын эсепке которсоңуздар  ыраазылыгымды билдирип кабыл алам жана топтолгон акчаларды медайымдарга колдоо көрсөтүүгө жөнөтүү  ниетим  жана тилегим бар! Сиздерге алдын ала ыраазылыгымды билдирем!»,-деди Роза Отунбаева