Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларусиядан чыгып кетти

27818

Беларуста болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти. Такталбаган маалыматка караганда, ал учурда Максим Бакиев отурукташкан Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында экендиги айтылууда. Бул тууралуу VB.kg сайты жеке булактарына шилтеме берүү менен маалымдады. 

Маалым болгондой, эгер К.Бакиевдин Беларустан качып кеткени тастыкталса, анын буга чейин Кыргызстандан чыгарып кеткен активдери жана анын бардык бизнеси Кыргызстандын пайдасына өтүшү керек. Мисалы, миллиард көлөмдөгү инвестиция менен агро өнөр жай комплексинин курулушун жүргүзүп жаткан “Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясын” атоого болот.

Бул корпорациянын акционерлеринин катарында К.Бакиев жана анын Марат, Максим аттуу уулдары бар. Ал эми корпорациянын башкы директору болуп Даниил Урицкий эсептелинет. Ал Кыргызстанда мурунку премьер-министр Данияр Үсөнов катары таанымал. Беларуста болгон президенттик шайлоо күнү А.Лукашенко аталган корпорациянын иши менен таанышкан болчу. 

Эскерте кетсек, Александр Лукашенко президенттик шайлоодо 80%,23 добуш алып шайлоодо жеңишке жеткени жарыяланган. Бирок, элдин нааразычылыгы күчөп, шайлоо бурмаланган айтып чыгышкан. Мындан улам Лукашенкого болгон нааразычылык акциялары азыркыга чейин уланууда.