Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүн кайтаруу боюнча батальонунун 2-взводунун күзөт инспектору, милициянын кенже лейтенанты.

Бактыбектин милицияга болгон кызыгуусу кичинесиндеги кыялы болчу. Агасы Кубанычбек милицияда кызмат өтөп, азыркы учурда ардактуу эс алууда жүргөн убагы. Бактыбек да агасындай милиция кызматкери болгонду самап келчү. Мектеп окуусун аяктаган соң Кудайдын буйругу менен Ички аскер кызматына чакырылып, милиция кызматкери болгонго шарт түзүлүп калат. Аскер кызматын аяктаган соң эч ойлонбостон милиция кызматына ишке кирген. Каарманыбыз эң биринчи милиция формасын кийип кызматка чыккан күндү унутпай келет. Эртең менен эрте чыкыйып форманы кийген Бактыбекке атасы менен агасы «Эл керегине жараган намыстуу кызматкер бол» деп батасын берип, жумушка узатышкан. Милиция кызматкерлеринин негизги кызматы элге пайдасын, жардамын тийгизүү эмеспи. Бактыбек да ар качан элге пайдам тийсе деп келет. Ага күбө болгудай каарманыбыздын башынан өткөн бир окуяны айтып өттү. Бактыбек жаңы эле ишке кирип, шаардык күзөт бөлүмдөрүнүн биринде банк кайтаруу взводунда кызмат өтөп жаткан учуру болчу.

Түнкүсүн банктар жабылгандан кийин күзөт кызматкерлери банктын ичинде болуп, видео байкоочу камералардын жардамы менен сырткы айлананы байкап турушат. Кыш мезгили, кар катуу жаап, эшик суук болуп жаткан. Бактыбек өзүнүн кызмат ордуна отуруп, монитордон эшикти карап отурган эле. Бир маалда жолдон кетип бара жаткан бир кыздын жыгылып калганын байкап калат. Бир нече убакыт өткөн соң тиги жыгылып калган адам кыймылсыз дагы эле жатат. Түнкү учурда кызматкерлерге банктан чыгууга болбостугуна карабастан Бактыбек жанындагы шериги менен нөөмөт бөлүмүнө билдирүү кылып, атайын күзөт бөлүмүнүн ыкчам тобу жана тез жардам келгичекти эшикке чыгып, жыгылып калган кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Эгерде ошол учурда эси ооп жыгылып калган кызга убагында жардам болбогондо күндүн суугунда катуу үшүп же башка да өкүнүчтүү нерсе болуп каларын баарыбыз эле билип турсак керек. Бактыбек «Мен милиция кызматкери болгондон бери кыргыз милициясында көп эле өзгөрүүлөр болду. Союз тарагандан бери элдин милицияга көз карашы өзгөрүп калган. Акыркы жылдары айрыкча пандемия учурунда милиция кызматкерлери элге керек экендигин көп адамдар түшүнүп башташты десем жаңылышпайм.

 Азыркы учурда милицияны көбүрөөк баалап баркын түшүнө башташты. Өлкөбүздө тартип болсо, өнүгүп өсүүнүн ичинде болобуз. Тартипти көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери. Карантин учурундагы тартипке жарандарыбыз баш ийип жатышты, демек азыркы милициянын абалы жакшы деп айта алам. Каарман жөнүндө айта кетсек келинчеги медицина кызматкери, эки уул бир кызды өстүрүп келишет. Акыркы учурда өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу келинчеги экөө үйдө көп болушпаганын айтты. Карантин учурунда Бактыбек кызматы боюнча күчөтүлгөн тартипте иштеп жатса, келинчеги да иштен колу бошобой жаткан.

Бактыбектей болгон кызматкерлердин үй-бүлөсү биздин өлкөбүздө аз эмес. Мындай үй-бүлөлөр элдин керегине жарап, тартипти жана тазалыкты сактоонун үлгүсү болушса азыркы учурдагы болуп жаткан ооруну оңой жеңип кеткенге шарт түзүлөт деп ойлойм.

 Данислан Асимидинов