Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Фейсбук баракчасына жазды.

Текстти өзгөртүүсүз беребиз:

“Ушул айдын башында жетишилген макулдашууга ылайык Кыргызстандагы томолой жетим, атасыз жетим балдардын окуу контракттарын «Катар черити» кайрымдуулук фонду каржыламак болгон. Такталган 500 баланын тизмесин аталган фондко бердик. Күн сайын түшүп жаткан арыздарды да тактап кошумча тизме кылып беребиз.

Социалдык колдоонун алкагында «Катар черити» кайрымдуулук фонду менен биргеликте дагы эки багытта кайрымдуулук иш-чарасын баштоого белсендик. Биринчиси, учурда жогорку окуу жайларда билим алып жаткан ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген (майыптыгы бар) балдардын контрагын төлөп берүү. Экинчиси, 12 жашка чейинки жетим балдарга ( томолой, атасы каза болгон) ай сайын жөлөкпул төлөп берүү.

Бул маселелер боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин райондук, шаардык башкармалыктарына кайрылыңыздар.

P.S. Башка кайрымдуулук фонддорунан жөлөкпул алып жүргөн балдар кабыл алынбайт. База дыкат текшерилет”,-деп жазылат билдирүүдө.