Бүгүн күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу аймактарда кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +23…+28
Талас облусунда +21…+26
Баткен облусунда +25…+30
Ош, Жалал-Абад облустарында +25…+30
Ысык-Көл облусунда +15…+20
Нарын облусунда +15…+20
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +26…+28 градус болот.