«Кыргыз Республикасынын президентинин түштүк резиденциясы» мамлекеттик мекемесинин директору Козуев Талипбек Бакирович көз жумду. Бул тууралуу Президенттин жана өкмөттүн иш башкармасынан билдиришти.

Талипбек Козуев 1957-жылы 21-декабрда Оштогу Өзгөн районунун Ак-Терек айылында туулган. 1987-жылы Фрунзе орто адистиктеги милициянын мектебин бүтүрүп, юрист квалификациясына ээ болгон. Ал эми 2000-жылы Ош технологиялык университетин юриспруденция адистиги боюнча окуп бүтүргөн.

Ал Ош ОИИБде, Ош жана Баткен облустарынын бажы органдарында эмгектенген. 2018-жылдын февраль айынан бери «Кыргыз Республикасынын президентинин түштүк резиденциясы» мамлекеттик мекемесинин директору болуп иштеп жаткан.