АКШда эгиздерге турмушка чыккан эже-сиңдилер бир убакта кош бойлуу болушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бриттани менен Бриана Диан жана алардын күйөөлөрү Джош менен Джереми Сейлерс эгиздер, генетикалык жактан алып караганда алар бири-бирине бир тууган болушат.

Бриттани Диандын айтымында, алар баарын бир убакта бүтүрүшкөн. Алсак, алгач окууну, кийин турмушка бир маалда чыгышкан. Ал эми Джош менен Джереми Сейлерстер 2017-жылы эгиздер фестивалына катышып, андан алты ай өткөндөн жубай издегенин жарыялашкан.

Тагдырдын буйругу менен 2018-жылы алар турмуш курушуп, жубайлар азыркы маалда Вирджиния штатында бактылуу жашоолорун улантып жаткан чагы.