Өлкөдө кафе, ресторан жана башка көңүл ачуу жайларын көзөмөлдөө күчөтүлдү. Мындай чечим кабыл алууга чектөөлөргө карабай той-топурлардын өтүп жатканы себеп болду.

Бул тууралуу 18-августта Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды. Жыйынга катышкан премьер-министр Кубатбек Боронов соңку күндөрү кафе-ресторандарда той өткөргөн учурлар көбөйүп жатканын белгиледи.

«Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Акыркы учурда жергиликтүү бийлик органдарынын айрым жетекчилери кырдаалды жөнгө салууда бошоңдоп калганы байкалууда. Мындайга жол берилбеши керек. Өзгөчө күз-кыш мезгили босогодо турганда жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта жана ыкчам тартипте иштөө шарт. Биздин негизги милдет — ооруну азайтуу, өлүмдүн алдын алуу, бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу», — деди Кубатбек Боронов.

15-17-августта баш калаада коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин чараларынын сакталышы боюнча рейд өткөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 20дан ашык кафе-ресторан менен клубга акт жазылып, протокол түзүлгөн.