ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандардан турган баңгизаттар менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган атайын операция ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 273-беренесинде (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) каралган белгилер боюнча катталган.

Тинтүү жана атайын тергөө иш-аракеттеринин жүргүзүүнүн натыйжасында, Чүй облусунун аймагындагы күнөсканадан атайын өстүрүлгөн кара куурай, анын көчөттөрү табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүлгөн кара куурайдын салмагы 160 килограммды түзөт.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүүлүдө.