COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда Баткен облусунан бир адам каза болду. Муну менен өлкөдө жалпы каза болгондордун саны 1054 адамды түздү. Ал эми бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 3
• Баткен облусунда – 3
• Ысык-Көл облусунда – 1

Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 7 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3045 учур катталды, алардын ичинен 2363 медкызматкер айыгып чыкты.