Бүгүн, 19-август күнү Болот Дыйканбаев Өзгөндүн акими болуп дайындалды. Жаңы акимди райондун активине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов тааныштырды. Муну менен бирге эл кучак толо гүл жана көпчүлүк элдин курчоосунда кызматка коюшту.

41 жаштагы Болот Дыйканбаев — Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылынын тургуну. Буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаты болуп иштеген. Эки жылдан бери Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.

Ал эми Өзгөн районунун мурдагы акими Бактыбек Алайчиев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары  болуп дайындалды.