Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого катышат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен билдиришти.
У. Кочкоров “Биримдик” партиясынан талапкер болот.
Улукбек Кочкоров 1974-жылы 24-июнда Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган. 2011-жылы V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Учурда ал Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматын аркалайт.