Биздин элде көп эле ырым-жырымдар бар. Бирок кээде көр турмушка салып, анчалык маани бербейбиз. Балким менин башымдан өткөн окуя силерге да сабак болоор.

 Мен ал кезде жумушка жаңы орношуп, айыл өкмөтү болуп келгем. Күндө айыл аралабасам да, жардамчыларым баарын жеткирип турат. Бир күнү башчы аке тиги  Зууракан кемпир келе жатат. Аябай ачуулу деди. Зууракан деген айылда бир орто жаштагы эже бар. Айылдыктар аны айтканы келет, тилинен айбайлагыла каргап жиберсе түз тиет дечү. Мен анчалык маани берчү эмесмин, жөн эле айлдыктар айта берет. Азыр андайларга ишенген мурдагы кылым беле деп койгом. Ал уулуна жумуш берүүнү сураган. Трактористин окуусун бүткөн, жер айдайт деген бир ирет. Макул эже карап көрөлү дегем. Көп өтпөй айылга жаңы трактор келип, аны аталаш тууганыма берген элем. Чынында ал деле оокат кылсын да. Башчынын тууганы болуп эле ачка отурмак беле. Менин айлыгым өз бүлөмө жетет. Туугандарымдын баарын бакпайымын го деген ой келди. Негизи айыл эли жасаган иштеримди алкап эле турчу, жаза тайып болгондо да Зууракан эжеден жаңылган экем.

-Аай бала, башчы болуп, башың булутка жеткен экен. Мен сенден сурандым эле го. Жок дегенде экөөнү кезектетип трактор айдатсаң болот го. Тууганыңдан башкага оокат керек эмеспи,-деп айкырып келди.

Эжени тынчтантам деп экөөбүздүн айтыш уланып кетти. Бир кезде, жашабагыр деп каргап эшикти тарс жаап чыгып кетти. Каргышың өз башыңа деп ичимден күбүрөнүп кала бердим.

Күндөрдүн биринде план боюнча дың жерлерди көргөнү жөнөп калдык.  Таш жолдо айдоочум экөөбүз бара жатабыз. Бир кезде машинанын алдыңкы дөңгөлөгү чыгып кетип, жол жээкте турган мамыны сүзүп токтодук. Машина түтөп кетти.Жөн эле кырсык деп жооруп койдум.  Көп өтпөй чоң улум аттан кулап бутун сындырды, аялымдын эки айлык эгиздер боюнан түштү. Кыскасы кырсык тооруп туруп алды. Акыры чыгынып эжени бир күнү чакыртып, кечирим сурап, алдынан өттүм. Эже да кетип баратып, мени да кечир, ачуум менен чыгып баратып айтып жибердим, үйгө барып да кудайдан кечирим сурап жалбардым. Сенин авария болгонуңду укканда чындап өзүмду күнөөлөдүм   деди. Ошондон кийин ырым-жырымдарга көңүл бөлө баштадым.