Съезддин делегаттары саясий программаларын, шайлоо учурундагы иш-аракеттерин, Жогорку Кеңешке депутаттардын талапкерлеринин тизмесин талкуулашат. 

Съездге келген делегаттардын арасынан Марат Аманкулов, Төрөбай Зулпукаров, Аида Касымалиева, Улукбек Кочкоров, Евгения Строкова, Бакирдин Субанбеков, Акылбек Жамангулов, Канат Жумагазиевди жана башкаларды көрүүгө болот. 

Белгилүү болгондой, шайлоого катышууну каалаган  партиялар тизмесин БШКга 20-августтан калбай көрсөтүшү керек.  

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында болот.