«Эгерде биринчи чейректен кийин эпидемиологиялык абал жакшырса, анда мектептер ишмердүүлүгүн толук кандуу ишке ашыра алат”, — деп билдирди Премьер-министр Кубатбек Боронов.

Ал ошондой эле окуу жылынын башталышы менен коомдук унаанын иштөө графиги кайра каралып чыгарыларын белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин 1-класстар мектепке барып окуйт деген чечим кабыл алган.