Жаңы окуу жылында биринчи класстын окуучуларынан башка бардык балдар аралыктан билим алат. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1-сентябрда биринчи каласстар гана мектепке барат. Калган окуучуларды биринчи чейректи аралыктан окутуу чечими кабыл алынды. Эгер эпидемиологиялык кырдаал жакшырып калса, экинчи чейректе мектептердин эшиги ачылып калышы ыктымал.

Өкмөт башчы абал турукташып келе жатканына карабай бардык санитардык нормалар аткарылышы зарыл экенин белгиледи.