Ош шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө талапкерлерди тандоо үчүн тестирлөө жана дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу сынагы жыйынтыкталды.

2020-жылдын 13-август күнү Ош шаардык ИИБы боюнча жаңыдан түзүлүп жаткан Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн 219 бош кызмат орундарына талапкерлер тандоо үчүн тестирлөө өткөн. Сынакты жарыялагандан баштап 497 талапкер өз арыздарын жана билдирмелерин тапшырган. Алардын ичинде жарандык коомдон 264 талапкер катышууда.

Жалпысынан тестирлөөгө 471 талапкер жолдомо алганы менен, 378 талапкер гана катышып, алардын ичинен билим берүү жана усулдук окууга баа берүү борбору өткөргөн тестирлөөдөн 310 талапкер ийгиликтүү өтүп, 67 талапкер өтпөй калган. Ушул эле жылдын 17-18-август күндөрү Ош шаарынын А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда сынактын комиссиясы тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүшкөн талапкерлерден дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди кабыл алышты. Дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу боюнча сынакка катышууга 315 талапкер уруксат алып, жаш-курактарына карата нормативдерди тапшырышкан.

Алардын ичинен нормативдерди 157 талапкер ийгиликтүү тапшырып, кийинки маектешүүдөн өтүшмөкчү. Дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу үчун 10 талапкер келген эмес. Ал эми 148 талапкер нормативдерди тапшырууда өтпөй калган.

Сынактын шартына ылайык, 2020-жылдын 20-21- август күндөрү, саат 08.00 баштап, Ош шаары, Алиев көчөсү № 159 дареги боюнча, Ош шаары боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунун имаратында буга чейинки нормативти тапшырган талапкерлер эми маектешүүдөн өтүшөт. 2020-жылдын 20-август күнү саат 08.00 Ош ШИИБы боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн кенже жетектөөчү курамына, саат 14.00 орто жетектөөчү курамына талапкерлер (аппараттын кызматкерлери, взводдун жана батальондун командирлеринен тышкары) маектешүүдөн өтүшөт.

2020-жылдын 21-август күнү саат 08.00 Ош ШИИБы боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн жетектөөчү курамына мектешүүдөн өтүшөт. Дене тарбия боюнча нормативтердин жыйынтыгы менен талапкерлер «www. guobdd.kg» сайтынан тааныша алат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы талапкерлерди жогорудагы дарек боюнча эртең мененки саат 07.30до кечигүүсүз келүүнү суранат. Талапкерлерде өздүгүн тактоочу документтри болушу абзел.

ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы

Нет описания.
Нет описания.