Кытай Эл республикасын Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине 25 жасалма дем алдыруу аппараты, тез жардам унаалары үчүн 29 ИВЛ аппараты, ошондой эле 6 көчмө ИВЛ аппараты, 400 медициналык беткап, 100 бетти калкалоочу калкан жана ПЧР-тесттери үчүн 20 000 сарптоочу материал берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

«Бул Кытайдын Кыргызстанга көрсөткөн биринчи жардамы эмес. Бүгүнкү күнгө чейин коңшу өлкөдөн эки жолу гуманитардык жардам жөнөтүлгөн. Медициналык жабдуулар жана каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам Бишкекте жана ошондой эле аймактарда курулуп жаткан жаңы ооруканаларга таратылат»,деп билдирди КР вице-премьер-министри Аида Исмаилова.

Өз сөзүндө Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь азыркы кырдаалда эки коңшу мамлекеттин ортосундагы гуманитардык кызматташууну бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал кыйын мезгилде Кытай коңшу Кыргызстанга жардам берүүгө ар дайым даяр экендигин билдирди.