«Өкмөт 1-сентябрдан тарта учурдагы кырдаалды эске алып кадимки тартипте биринчи класстын окуучуларын гана окутуп баштоону чечти. Биз Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыктык”, — деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова.
Талаптар жана сунуштамалар:
-Ар бир класста окуучулардын саны азайтылышы керек, эгерде класста 25-30 окуучу болсо, аларды эки топко бөлүп, шахматтык тартипте отургузуу зарыл.
— Мектептердин мүдүрлөрү санитардык талаптардын аткарылышына жана дезинфекциялоо иштерине жооптуу.
— Балдар беткап тагынып, атайын кол аарчыларды жана антисептиктерди пайдаланышы керек, аларды ата-энеси камсыздоого тийиш.
— Мектептер дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалышы керек.
— Ата-энелерге балдарын өздөрү алып келип, алып кетүүсү сунушталат.
-Аралыкты сактоо үчүн мектептерде эки чыгуу/кирүү эшиги болушу зарыл.
— Санитардык ченемдерди жана тийиштүү шарттарды сактоо үчүн мектептерде суу менен камсыздалуу, канализация жана жылытуу сезонуна даярдыгы болушу керек.