Ырчы Урмат Усенов «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого барат. Ырчынын сүрөтү аталган партиянын съезди учурунда тартылган сүрөттөрдүн арасына жайгаштырылган.

Маалыматка караганда, партия талапкерлеринин тизмеси бүгүн бекитилип, Боршайкомго тапшырылган соң коомчулукка жарыяланат.

Эске салсак, Усенов буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси болуп эмгектенип келген.

Белгилүү болгондой, шайлоого катышууну каалаган  партиялар тизмесин БШКга 20-августтан калбай көрсөтүшү керек.