Мага Жогорку Кеңешке “Биримдик” (Единство) саясий партиясынан депутаттыкка аттанган талапкерлердин тизмесинин башында туруу сыймыгы буйруду.

Бизнесте мага дайыма ченелүү жыйынтыктарга жетишүү жагат. Иштин түзүлүшү жөнөкөй: так бизнес процесттерди түзүп, ага шайкеш жыйынтыкты алуу.

Саясатта болсо башкача, бардыгы оор: бардык нерсе келечекти божомолдоп көрө билүүдөн жана стратегиялык пландоодон көз каранды.

Ошондуктан ылдам эле жыйынтык ала калууга үмүт кылуу мүмкүн эмес. Мурдагыдан башкача болуп өзгөргөн дүйнөдө олуттуу жаңыланууларга даяр туруп, ошол нерселер үчүн жоопкерчилик алууга убакыт келди.

Биз өнүккөн мамлекетти бирге курабыз.

Биздин күч – биримдикте!