Белгилүү төкмө акын Аалы Туткучев буга чейин кыргыздын каймактарын көзү тирүү кезинде сыйлап алгыла деген таризде билдирүүлөрүн жарыялап келет. Бул жолу коомдук ишмер, саясатчы Эмил Үмөталиевди жазып чыгып, жаштар кеңеш алууга чакырды.

«Китеп окуган жакшы. Адам окуган андан да жакшы. Өзгөчө куйма кулактар үчүн. Бул киши өтө кызыктуу, басып жүргөн китепке окшош. Сыртынан карасаң мукабасы жупуну, кагаздары жука. Көңүл коюп окусаң тереңине сүңгүп кетесиң. Көмүрдүн арасында алмаз жашынгандай, Улуулук да жөнөкөйлүктүн артында жашынган. Бул жөнөкөй кишиде жаштар үчүн асыл кеңештер көп. Жигердүү жаштарга айтаарым: Emil Umetaliev силерге акыл-насаат карыз. Карызды сурап алыш керек»,-деди Аалы Туткучев.