Кыргызстандын аймагында бүгүн, 20-августка карата COVID-19 оорусунан айыккандан кийин 289 адам ооруканалардан чыгарылды. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, өлкөдө жалпы 35 миң 486 адам айыкты.
Жаңы айыккандар:
— Бишкек шаарында 106 адам;
— Ош шаарында 20 адам;
— Чүй облусунда 19;
— Ош облусунда 40;
— Нарын облусунда 10;
— Ысык-Көл облусунда 29;
— Жалал-Абад облусунда 29;
— Баткен облусунда 36 адам.
20-августка карата Кыргызстандын аймагында дагы 182 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 42 миң 507 адамга жетти.
Жаңы катталгандар:
- Бишкек шаарында 23;
- Ош шаарында 7;
- Чүй облусунда 23;
- Ош облусунда 20;
- Талас облусунда 9;
- Нарын облусунда 6;
- Ысык-Көл облусунда 13;
- Жалал-Абад облусунда 44;
- Баткен облусунда 37 адам.