Ош базар. Адаттагыдай эл кайнайт. Жекшемби болгондуктан, кечээ алган айлыкка жылуураак кийим кече алайын деп баргам. Маршруттан түшүп базардын ичине кирип баратканда эле көзгө кир киийинип, жүздөрү капкара, сакалдары өскөн селсаяктар көрүнөт. Жанынан өтүп баратсаң жагымсыз  жыт жыттанып турат. Кээ бирөөлөр аларга маани деле бербейт. Бирок, булар деле адам да, төрөлгөндөн селсаяк болуп  төрөлгөн жок да деген ой мээмди ээлеп туруп алды. Ичимден эмне үчүн ушул жолго түшкөнү, эмне үчүн жакшы жашоого күрөшпөдү, эмнеге жашоонун сыноосуна туруштук бербеди? Эмнеден улам ушул жолду тандап алды деген суроолор.

Аларды күзөтүп бир четте кечке карап турдум. Ар кайсыны айтышат. Арактын уусу жүздөрүнөн нурун кетирип, тиштери түшүп, шишип кетишкен. Арасында жаңы эле кошулган бир байке көзгө урунду. Акырын басып барып,  чакырып четке чыктык. Ал мени таанып калдыбы дегенсип алая карады.

-Саламатсызбы байке. Сиз мага таң калбаңыз, сизди тааныбайм. Болгону мага силердин кандайча ушул долго түшкөнүңөр кызык болуп жатат-дедим.

Колун шилтеп койчу деп койду. Акелеп артынан ээрчип жүрүп араң көндүрдүм. Анда да бир бөтөлкө анан,тамак алып бересиң деген шарт койду макул болдум.

Экөөбүз ээрчишип, эл азыраак жерге бараттык. Элдин баары бизди карайт, мени баласы деп ойлосо керек. Бактардын жанына жеткенде көлөкө жерге отурдук. Байке мени кечке тигиле карап, менин айткандарым башка бирөөнүн жашоосун оңдоп жибереби деди. Унчукпай карап тура бердим.

Иничек кезинде мен  да сага окшогон, сулууларды артыман эрчиткен, кычыраган жигит элем. Окууну бүтүрдүм. Үйлөндүм, бүлө күттүм. Бирок турмуш, күтүлбөгөн сыноолорун жиберип турат. Ата-энем каза болушту. Анда бир чөктүм. Аялым төрөбөй караткан жерибиз калбады. Аны кетирип башкасын алдым . Ал бир кыз, бир эркек төрөп берди. Бирок тажаал эле. Бир күнү экөөбүз уруша кеттик. Балдарды алып кетип калды. Мен иче баштадым. Алгач кайгымды унутуу үчүн ичтим. Үйдөгү баарын саттым. Бир туугандарым келишти, жумуш таап беришти. Бирок алардын да өз үй жайы бар. Эжемдин үйүнө  барсам жездем бар. Акемдин үйүндө жеңем бар. Эки күн сыйламыш болот. Үчүнчү күнү кабак түйөт. Акыры иштейм деп шаарга келе бердим. Шаарда эле мени бирөө күтүп турган жок да. Жата турган жер жок паркта эки күн түнөдүм. Ош базарга келип жүк түшүрүп иштедим. Жакшы тамак жебегенге көтөрө албайсың, бат-баттан ташы деп кыйкыра беришти кетип калдым. Жуунбай жүрүп жыттана баштадым. Элдер мурун чүйрүп качышат. Бирөө тоого жүр малчы кылам деди болбой койдум. Алып барып кыйнасачы. Малы жоголсо кантип төлөйм деп корктум. Курсак ачканда айла жок, токоч уурдап баштадым. Ошентип отуруп эле ичкиликке берилип кеттим. Балким ата-энем болсо туура жолго салат беле, кээде түшүмө киришет. Мага нааразы болуп жатышат.