Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага жакын аймактагы жаштары достукту бекемдеп, спорттук мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Мелдеш кечээ, 19-августта, Өзбекстандын Сох районунун аймагында уюштурулуп, ага Кадамжайдын Айдаркен шаары менен Бирлик айылынан 25 спортчу катышкан. Коңшу тараптан Сох районунун жаштары күч сынашкан.

«Спорттук иш-чара эки облус элинин ынтымагын, кошуналык жакын мамилесин бекемдеп, жаштар арасында достукту чыңдоо максатында уюштурулду. Анда балдар теннис, шахмат, футбол ойноп, Баткендин жаштары теннис жана шахмат боюнча жеңүүчү болду. Ал эми футбол боюнча мелдеште эки команда тең чыгып, достук жеңгендиги белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Мелдеш салтанаттуу түрдө жыйынтыкталып, тараптар бири-бирине каалоо-тилек, жылуу пикирлерин билдирип, сыйлыктар тапшырылган.