Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Ат-Башы районунун ички жолдорун реконструкциялоо боюнча иштер менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин эсебинен Ат-Башы районунун 3 км жолун асфальттоо пландаштырылганын, ал иш дээрлик аткарылып бүткөнүн билдирди.

Мындан сырткары, начар абалдагы Ача-Кайыңды — Босого айыл аралык жолу трассанын боюндагы алты айылдын тургундарына кыйынчылыктарды жаратып келген. Тургундардын кайрылуусунан кийин аталган айыл аралык жолго асфальт төшөө иш планга киргизилген.

2020-жылдын август айында Ача-Кайыңды — 1-Май айыл аралык жолунун 2 км бөлүгүн асфальттоо башталды. Иштин болжолдуу баасы 5,2 млн сомду түзөт. 

Бул жерден Президент Сооронбай Жээнбеков ар кандай көйгөйлөр, анын ичинде жеке мүнөздөгү маселелерди көтөргөн жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты.

Мамлекет башчысы көчөлөрдү асфальттоо боюнча ар жылкы пландуу иштер акырындык менен өлкөнүн ички жолдорунун абалын жакшыртууга өбөлгө болорун белгиледи.

«Азыркы заманбап коомду сапаттуу транспорттук инфратүзүмсүз өнүктүрүү мүмкүн эмес. Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон өлкөбүздө автоунаа жолдору чечүүчү ролду ойнойт. Жолдор жок болсо турмуш да жылбайт, өнүгүү да болбойт. Андыктан, мамлекетибизге жолдорду куруу жана ремонттоо маселелерине чоң көңүл буруу абдан зарыл», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, ички жолдорду оңдоп-түзөө жана куруу боюнча иштер Кыргызстандын бардык райондорунда жүрүп жатат.