Сагынбек Абдрахманов төрагалык кылган альтернативдүү КСДП 2020 шайлоого катышпайт. Бул тууралуу БШК билдирди. Министрликтин айтымында, ушундай жол менен 11 партия мандаттар үчүн күрөшпөйт. Алар:

1. Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы.

2. «Демократ».

3. Кыргызстан Коммунисттер партиясы.

4. «Эмгек» (Эмгек партиясы).

5. «Бирик» («Мекеним Кыргызстан» менен биригүүгө байланыштуу).

6. «Таза Коом» («Кыргызстан» партиясы менен биригүүгө байланыштуу).

7. Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы.

8. «Ар Намыс».

9. «Биилик элге» («Элге күч»).

10. «Кыргызстан элинин биримдиги» («Ыйман Нуру» партиясы менен биригишине байланыштуу).

11. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП).

Борбордук шайлоо комиссиясы 22 партия мыйзамда белгиленген мөөнөттө курултай өткөргөндүгүн тастыктады.

24-августта, саат 18.00гө чейин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн БШКга документтерди тапшырышы керек. Ошол эле учурда талапкерлердин тизмеси жана алар жөнүндө маалыматтар БШК бекиткен формага ылайык кагаз жана электрондук варианттарда берилет.

10 күндүн ичинде берилген маалымат текшерилет жана 4-сентябрга чейин депутаттыкка талапкерлердин тизмеси катталат.

Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.  Ага ылайык шайлоо 4-октябрда өтөт.