Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп — өлкөнүн биринчи айымы, учактан түшүп жатып колун күйөөсүнө карматпай койду. Бул жагдай камераларга ачык түшүп калган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бул окуя Бедминстерден Вашингтонго кайтып келе жатканда видеого тартылганын билдиришкен. Учактан түшүп келе жатканда Трамп Меланиянын билегин кармоого аракет кылат, бирок ал колун тартып алат. Бул үй-бүлөдөгү биринчи окуя эмес. Мелания Трамп күйөөсү менен 2017-жылы Израилге жана Италияга жасаган иш сапарында ушундай мамиле жасаган.

Белгилүү болгондой, жубайлар 2005-жылы баш кошушкан. Дональд Трамп менен 15 жылдан бери чогуу жашайт. Жубайлардын ортосунда 24 жаш курактык айырма бар. Мелания быйыл 50 жашка чыкты.