Мен дагы башымдан өтүп жаткан оор тагдырды сиздерге сунуштоону туура көрдүм. Кимдир бирөөлөргө бул узун сабак болот деген ишеничтемин. Мындан 10 жыл мурун тагдырдын жазмышы менен эл катары жашоом уланып, эч кандай кырсык баспай катардагы эле жарандардай эч нерседен кайгы капасы жок жүргөм. Эмесе кеп башынан болсун.

Мен азыр 36 жаштамын. Үй-бүлөм жубайым бар. 2 баланын атасымын. Жогорку билимим бар. Кыргыз медициналык академиясынын гинекология бөлүмүн аяктап, жеке менчик клиникаларда иштей баштадым. Акырындык менен тажрыйба топтоп, такшалып, шаардагы ооруканалардын бирине которулдум. Акча адамды бузат деген чын окшойт. Иштеген жеримде маяна аз болгону менен сабашкасы жакшы эле болчу күнүнө 2000 сомдой жөн эле тапчумун.

Акчаны тапканым менен анын баарын көңүл ачууга жумшап, достор менен ичип, үй-бүлөмө эмне керек болсо аларга баарын камсыздап жаттым. Күндөрдүн бир күнүндө бизди ооруканадан атайын медициналык кароодон өткөрүү боюнча ишибизден медициналык спарвка талап кылышты. Мен дагы тапшырып кабарсыз эле жүрдүм. Бир убакта мага бир эже байланышка чыгып, тезинен кабинетке кирүүнү суранды. Мен дароо кирип барсам каныңда ВИЧ чыкканымды айтып, кайра дагы анализ ала турганын айтышты. Мен макул болуп, кимдер менен болгонун, кайда жүргөнүн баарын сурашты. Эстесем досторум болуп, кыздар менен коргонуучу жок кошулуп коюпбуз. Ал кызды деле жакшы тааныбайт болчумун.

Ошентип дарыгерлер мени «өз каалооң менен иштен чыгып кет ачыка чыксаң жашооң оор болот» дешкенинен ишимди таштап, жумушсуз калдым. Азыр дары менен жашап жатам. Иштейин десем мени азыр эч жерде албайт. Кайран окуган мединалык билим. Азыр мен аялымдын колун карап, өлөйүн десем жер катуу, иштейин десем эч жерге албай оор абалда жүргөн убагым. Жаштарга айтаарым акча барда көпбөй үй-бүлөңөрдү биринчи орунга койгула демекчимин.