Кечээ, 19-августта «Биримдик» саясий партиясынын IV курултайы болуп өттү. Анда партиянын программасынын бет ачары болуп, талапкерлердин тизмеси түзүлдү. Иш-чарада “Биримдик” партиясынын башка партиялардан айырмаланган идеологиялык платформасы тааныштырылды.

Курултайда өлкөнүн аймактарынан келген делегаттарынын жолугушуусу онлайн режиминде өттү. Жыйынтыгында  делегаттар,  ар кандай чөйрөдөн келген эксперттер курултайдын иши, партиянын тандаган багыты жана анын идеологиясы жөнүндө ой бөлүштү. 

Эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекет болгондуктан, партиянын тандап алган багыты өтө маанилүү. 

«Евразия мейкиндиги өтө тез өнүгүп баратат жана өлкөнүн ЕАЭБге биримдикке кириши туура чечим, себеби биз экономикалык артыкчылыктар менен гана эмес, маданий жактан да байланышыбыз бар. Евразиялык багыт – бул өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жолу. Ал эми өнүккөн экономика – бул бул коомдук теңчилик жана бактылуу эл”, — деп баса белгиледи эксперт.  

Жалал-Абад облусунун Сузак районунан келген делегат Керезбек Мамыткановдун айтымында, партиянын негизги багыты – бул социализм.

 «Мен партиянын программасына оң баа бердим. Менимче, алдыга коюлган тапшырмалар толук ишке ашат. Андан тышкары, “Биримдик” партиясы Евразиялык ѳнүгүү жолун тандап алды. Бул партиянын шериктеш мамлекеттер жана өнөктөштөр менен кызматташуусун күчөтүп, ѳз кезегинде жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем , — дейт делегат.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунан дагы бир делегат Шайдикадыр Кудайбердиев «курултайда популизм жана куру убадалар болгон жок» деп эсептейт.

«Мен евразиячыл идеясына таасирлендим. Партия туура жолду тандады деп ишенем. Тарыхка көз чаптырып көрсөк, Совет доорунда кыргыздардын гүлдөп-өнүгүшү ошол убакыттарды болду” , — дейт ал.

КЭУнун ардактуу профессору, экономика илимдеринин доктору Каныбек Ажекбаров ата-бабаларыбыз Евразия чөлкөмүнүн өнүгүшүнө чоң салымын кошконун тарых көрсөтүп турат дейт. 

Анын айтымында, 20-кылымда акысыз билим алуу жана саламаттыкты сактоого тармагы кыргыз эли үчүн чоң социалдык жетишкендик болду 

“Акыркы жылдардын жетишкендиктерин да белгилеп кетүү керек. Мисалы, ЕАЭБ бирдиктүү рыногунун шартында биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн эмгек миграция маселесинде өзгөчө шарт түзүлдү.  Бул абдан маанилүү. Акыркы жылдары мигранттардын коңшу мамлекеттердин аймагында жүрүү шарттары бир топ жеңилдеди. Мисалы, Россияда иштөө үчүн, кыргыз жарандарына патент сатып алуу же орус тилин билүү боюнча сынак тапшыруу талап кылынбайт. Ошондой эле, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында Кыргызстандын билим берүү дипломдору таанылат. “Биримдик” партиясы коомдогу социалдык маселелердин бардыгын чечүүгө ниеттенүүдө. Саясий адилеттүүлүк жана билимдүү жаштар көп болсо, биз күчтүү мамлекет болобуз. Күч – Биримдикте”, — дейт профессор. 

КРнын билим берүүсүнүн мыктысы, Елена Селезнева “өлкөнү ѳнүктүрүүнүн евразиялык модели” идеясы ага жакын экендигин билдирди. Анын пикири боюнча, Европа менен Азиядагы жашоонун баалуулуктары менен эрежелеринин айкалышуусу, айрыкча ЕАЭБге мүчө мамлекеттер өз этникалык өзгөчөлүгүн, маданиятын сактап калса, Кыргызстандын прогрессивдүү өнүгүүсүнө түрткү болот. 

«Мен үчүн мугалим жана мектептин директору катары бирдиктүү билим берүү мейкиндиги болушу керек, анткени ар кандай окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү коңшу мамлекеттерде иштей алышы керек. Бул жаңы идеяларды жана билимди интеграциялоого жардам берет. Мындан тышкары, евразиялык модель адистердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кѳмѳк болот”, — дейт ал. 

Билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери Роза Айтматова Кыргызстандын СССРде болгон жылдарын жана Совет бийлиги кыргыз эли үчүн көп иш жасагандыгын эскерди. Р. Айтматованын ою боюнча, ал өзгөчө доор болгон.

«Дал ошол мезгилде өлкөнүн социалдык- экономикалык негизи курулган. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, өлкөнүн келечеги кандай болот, кандай багытта өнүгөбүз деген ойлор көп айтылат. Менин оюмча бул жаңы идеяларды талап кылат. Бул суроо жаш муундарды ойлонтуучу азык болушу керек. Тарыхка негизделген өлкөнү өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек», — деди ал.

Партиянын сьездинде, партиянын пикири боюнча, мамлекеттин түптөлүшүнөн баштап, ошондой эле Советтер Союзунун курамында жана эгемендик жылдарындагы топтолгон тарыхый тажрыйбаларды эске алуу менен, чукул ѳзгѳрүп жаткан дүйнѳлүк шарттарда, чакырыктарда жана коркунучтарда республиканын гармониялуу ѳнүгүшүн жолго кое  турган, Кыргызстандын өнүгүүсүнүн евразиялык вектору сунушталды.

Эскерте кетсек, партиянын лидери — Марат Аманкулов, бирок, шайлоо алдындагы тизмени «Альфа Телекомдун» (MegaCom) экс-башкы директору Акылбек Жамангулов жетектейт