Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунунан Бишкек шаарына ири өлчөмдөгү баңги каражатты ташып киргизүү жана атайын жабдууланган цехте өстүрүү менен алектенген каналга бөгөт коюлду.

Тинтүү жана атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан үйлөрдүн биринде кара куурай жыттанган кочкул-жашыл түстөгү каражаттар марихуана жана баңгизатты даярдоочу шаймандар табылып алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 кг 673 грамм гашиш жана 690 грамм марихуана алынган. Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери уланууда.

ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы