Бүгүн, 21-августа белгилүү кинорежиссер, сценарист «Турар» басмасынын ээси Тилек Мураталиев 56 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун үзөңгүлөш досу Кыяз Молдокасымов билдирди.

«Суук кабар уйкуну умачтай ачты, жан дүйнөмдү аңтар-теңтер кылды.Кыргыз деп күйгөн, улутун сүйгөн, акын- жзуучулардын сүймөнчүлүгүнө бөлөнгөн өзгөчө инсан, мыкты досубуз, Турар басмасынын ээси Тилек Мураталиевди жоготуп алдык.

Жаңы эле Ошко келгем. Ал да 4 күндөн кийин Ошко келмек. Чогуу айылымда болуп, анан Алайкуу тарапка бармакпыз. Кечээ эле ушинтип сүйлөшкөнбүз. Бүгүн, азыр эле «айрылып калдык» деген суук кабарды угуп, алыста айлам куруп отуруп калдым. Кош деп айтууга да өзүм барбайт! Армандуу дүйнө!»-деп жазды К.Молдокасымов

Белгилей кетсек, «Турар» басмаканасы Кыргыз адабиятында айрыкча «Манас» эпосунун үчилтигин чыгарган жана элдик оозеки жазма адабиятка өзгөчө көңүл бурган басмакана. Мураталиевдин демилгеси менен бир нече китептер жарык көргөн. 40 жакын документалдуу тасмага режиссер жана сценарийин түзгөн эле.