Эстрада ырчыларынын саясатка кадам таштаганы уланууда. Буга чейин Бек Борбиев, Урмат Усенов «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого бара турганы расмий аныкталган.

Бул жолу KG Эльмурат «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду.

Саясат айдыңына шоу бизнес өкүлдөрүнүн аралашоосу чанда кезигет. Буга чейин ырчылар арасынан алгачкылардан болуп КРнын Эмгек сиңирген артисти Ибрагим Жунусов депутат болуп, андан кийин далай кызматтарды аркалаган. Азыр Кыргызстандын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жүрөт.