Оңой ишке ашкан максаттар ошол мүнөттө бактылуу кылганы менен биз күткөн жыйынтыкка алып барбайт. Ал эми чындап жетүүгө арзый турган жеңиштер татаал жолду талап кылат. Айрымдар бул татаал жолдун негизинде тилеген максатына жетсе, айрымдарыбыз процесс учурунда жолубуздан адашып, ийгиликке көзүбүз жетпей, таштап коёбуз. Мындай абалда өзүбүздү колго алып, таштабай, улантып кетүү үчүн өзүбүзгө өзүбүз мотивация бергенибиз жакшы. Бирок, бул мотивацияны кайдан алабыз?

1. Алыңызга жараша максат коюңуз.
Максат коюп жаткан адамдардын көбү өзүнүн потенциалын байкабай, жолго чыгып алат. Изилдөөлөргө ылайык 20-30% болгон потенциалын 80-90% деп ойлоп, ага жараша аракетке өтөт. Натыйжада, өзү каалаган максат ишке ашпайт же ойлогонуңдай болбой калат. Мындан улам, акылыңыз жана потенциалыңыздын деңгээлине жараша максат коюңуз.

2. Өзүңүздү жемелегенди токтотуңуз
Депрессия, ийгиликсиздикке алып келген себептердин бири – өзүн-өзү жемелөө. Максатыбыз ишке ашпай турганын сезип же ийгиликке жетпей калган мезгилдерде абалдан чыгуунун жолун издегендин ордуна болуп өткөндөрдү ойлоп, капалануу жакшы эмес. Анын негизинде сизде психикалык травма жаралып, кийинки иштерде кайрадан залакасын тийгизет. Ката кетириңиз. Болгону аны кайра кайталабаганга аракет кылыңыз.

3. Жардам сурагандан тартынбаңыз
Максатыңызга байланыштуу ошол тармакта ийгиликке жеткен адамдарга келечек пландарыңыз тууралуу айтып, колдоо алып, жардам суроонун эч кандай зыяны жок. Тескерисинче, сиз билбеген, байкабаган нерселерди үйрөнүп, дагы да кылдат мамиле кыла баштайсыз. Ошондой эле, максатты ишке ашыруу мүмкүн экендигине ишенесиз.

4. Максатыңыз ишке ашкан мезгилде өзүңүздү кандай сезээриңизди элестетиңиз.
Ийгилик сизди кайда алып барат, ага жеткендеги сезим сизге эмне алып келет? Булардын баарын максат коюп жаткан мезгилде ойлонуп, түшүнүп алуу ишке ашырууну жеңилдетет. Ошентип, каалаган максатыбызга да, ийгиликке да жеткен болобуз.

5.Максатты ишке ашыруу үчүн коюңуз
Максатыңызга ишениңиз. Башкалар үчүн ишке ашуусу мүмкүн эместей көрүнгөн максат болушу ыктымал. Бирок ошол учурда сиз өзүңүзгө ишенсеңиз, ишеним сизди максатка жетелейт.

6. Комфорттук зонадан чыгыңыз
Психолог Стивен Гайз: “Эгер дайыма аткарып жүргөн ишиңди уланта берсең, дайым алып жүргөндөрүңө ээ болосуң”, — дейт. Бул ойду чечмелеп, өзгөрүүнү каалайм десеңиз, мурда койбогон жаңы максат белгилеңиз. Бирок,  ал учурда көнүп калган комфорттук зонадан чыгыңыз. Бул болсо канчалык эрктүү экендигиңизге байланыштуу. 
 
Мындай мотивацияларды өз жашооңузда колдонуп, ийгиликке жетпөө мүмкүн эмес. Анда эмесе, баштаңыз.

Булак: NazarNews.kg