Күздө өтө турган парламенттик шайлоого добуш сатып алуу өнөктүгү калк арасында тымызын башталгандай. Алсак, КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбековго домкому добуш үчүн 5000 сом бере турганын айткан. Бул тууралуу Карыпбеков соцтармактагы баракчасына жазды.

«Ушул интервьюмду кошуна үйдүн домкому көрүп алып «Өлкөмө иливой жардам кылам дебедиңби, жүрү паспорт чогултуша калчы шайлоого. Өзүңдүн дагы паспортуңду ала кел 5000 сом берем добушуңа»-дейт.
*****
«Ыйолкиники десе! Менин ыйык өлкөм ушундай жардамыма муктаж болуп калса анда кыйын эле болуптур кыргызга» — деп ойлонуп туруп.»Эй акмак! Сен эмне мени келесоо деп ойлоп атасыңбы суволуш десе! Менин добушум 5000 сомго сатылбайт! Сен билесиңби мен кандай честный адаммын? Мен деген кыргызымдын накта патриотумун! Кыргызча так сүйлөп жүр иливой деп орусча кошпой?! Суволуш десе!»- деп катуу айтып туруп — «5500 сом берсең ойлоноюн эми макул, кошунабызго кантсе дагы» — дедим»,Илим Карыпбеков.

https://www.instagram.com/p/CEGrebfDaKj/?igshid=1dt1scif7qk6r