Улан Качкынов, Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү, милициянын подполковниги. Каарманыбыз орто мектепте 8-класста окуп жүргөндө мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн “Орлёнок” аттуу аскерлештирилген таймашка катышып, Нарын облусунан 1-орунду жеңип, Республикалык таймашта 2-орунга татыктуу болгон. Ошол кезден тарта спортко жана күч органдарында кызмат өтөөгө болгон кыялдары дагы тереңдеп баштаган. Мектепти бүткөн соң, жогорку окуу жайына тапшырып андан кийин аскерде кызмат өтөп келип, ички иштер органдарына кызматка орношкон.

 Негизи милиция кызматкерлери ар кандай башынан өткөргөн окуяларга бай болот эмеспи. Улан Абдималикович да 25 жыл милиция кызматында жүрүп далай окуяларга күбө болгон. Айтсак, Кемин районунда болгон бир кылмыш окуяны эсинен чыгарбай келет. 1998-жылдары Кемин районунун ИИБде кызмат өтөп жүргөн күндөрдүн биринде, бир апа арыз менен кайрылып, жалгыз уюн бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Кесиптеши экөө жоголгон уйду издеп жүрүп курулушу бүтпөгөн бир имаратка баш багып калышып, ошол жерде камалып турган уйду байкап калышат. Уйдун өңү-түсүн байкашса жоголгон уйга дал келип калат. Дароо чыгарып кетпестен, ууруларды кармоо үчүн уйду камалган жеринде эки күн аңдып жатышат. Эки күндөн кийин түн жарымында эки бала келип имаратка кирип кетишет. Каарманыбыз имараттын арткы терезе жагынан тосуп, шериги алдыңкы бетинен тоскону барышат.

Шектүү адамдарды кармайын деген учурда, бирөөсү күтүүсүздөн таш менен чаап, имараттын терезесинен чыга качышкан. Кудай сактап ошол таш каарманыбыздын башынан бир эли жогору учуп өткөн. Кокусунан ал таш тийгенде баш сөөгү соо калмак эмес эле. Бирок, качкан кишилердин артынан кубалап, көп узатпай эле колго түшүрүшкөн. Уйду ээсине тапшырганы барганында баягы апа сүйүнүп, шериги экөөнү беттеринен өөп, кийин шектүү балдарды көрөөрү менен сөзгө келбей эле таягы менен бирөөсүн башка-көзгө чапкылап кирген. Ал ортодо апага арачы түшүп, негизгиси ую тирүү табылганын, шектүүлөр да колго түшүрүлгөнүн айтышса, баягы апа кармалган балдардын бири небереси экенин айтып ошон үчүн сабап жатканын билдирген. Улан Абдималикович иштеп жаткан ишинде дайыма элдин арасында болгондуктан бүгүнкү күнү милиция кызматына болгон элдин көз карашы жакшы жагына өзгөрдү деп айта алат. “Ар бирибиздин жумушубуздагы жоопкерчилигибиз, жарандарга жасаган мамилебиз канчалык жогору болгон сайын милиция кызматына болгон ишеним дагы да жогорулайт деп ишеничтүү айта алам” дейт өз сөзүндө.

 Д. АСАМИДИНОВ