Бир суткада 345 бейтап айыгып, 1 бейтап каза болду
Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус инфекциясынан 345 бейтап айыгып, илдеттен Бишкек шаарында бир адам каза болду. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Айгып чыккандар:

Бишкек шаары – 96;
Ош шаары – 43;
Чүй облусу – 23;
Ош облусу – 35;
Талас облусу – 5;
Нарын облусу – 10;
Ысык-Көл облусу – 40;
Жалал-Абад облусу – 59;
Баткен облусу – 34.

Жалпы айыккандардын саны 35 миң 831.


Жалпы каза болгондордун саны: 1 миң 55.