Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медицина кызматкери коронавирус жуктурду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаары – 1;

Ош шаары – 3;

Ош облусунда – 1;

Баткен облусунда – 3;

Жалал-Абад облусунда – 5;

Нарын облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 7 медицина кызматкери айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медкызматкерлер арасында – 3 миң 73 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 383 медкызматкер айыгып чыкты.