КРнын Эмгек жанасоциалдыкөнүгүү министриУлукбек Кочкоров жактоочу Бактыбек Жумашев кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Башкы прокуратурага арыз менен кайрылуусу боюнча жооп берди.

Эске салсак, жактоочу Улукбек Кочкоров Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн мурдагы директору Эркингүл Абдылдаеваны мыйзамсыз кызматтан алган. Бирок Абдылдаева сотко кайрылып, Жогорку сотто дагы мыйзамсыз кызматтан алынганын далилдеп утуп алган. Бирок, министр Улукбек Кочкоров Абдылдаеваны кайра кызматына койбой жаткандыгын билдирген.

“Министрликтен мага алгылыктуу жооп бербей жатышат. Абдылдаеваны кызматка кайрадан коюп, албаган айлык акысын төлөп бериши керек. Соттор Абдылдаева мыйзамсыз кызматтан алынганы боюнча чечим чыгарган.  Министр Улукбек Кочкоров соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек”, -деп  билдирген жактоочу.