19-август күнү Бишкекте «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын XI съезди болуп өттү. Ага делегаттар жана өз ыктыяры менен аталган партияга кошулуу боюнча ниетин билдирген башка саясий партиялардын лидерлери катышты. Бул тууралуу «Мекен Ынтымагы» партиясынын өкүлү Улукбек Өмүрбеков билдирди.

Анын айтымында, күн тартибинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси такталып, бекитилди. Мындан тышкары  4 саясий партиянын программасы «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын программасына дал келгендиктен биригүү чечимин кабыл алышты.

Алар:

  1. «Асаба» улуттук кайра жаралуу саясий партиясы
  2. «Кайран эл» партиясы
  3. «Кыргызстан куруучулардын» партиясы
  4. «Элдик Көзөмөл» саясий партиясы

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда белгиленген. Партиялар 24-августка кечке чейин талапкерлердин тизмеси БШКга тапшырып, 4-сентябрда үгүт иштери башталат. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча, ушу тушта шайлоого катышуу үчүн тизме тапшырган партиялар 20дан ашты.