“Кабыл алуу планы “Дарылоо иши” (70 орун) жана “Медициналык-профилактикалык иш” (20 орун) адистиктери боюнча 90 гранттык орунга көбөйтүлдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.

Анын айтымында, кошумча гранттык орундар бүтүрүүчүлөр окууну аяктагандан кийин эпидемиолог, инфекционист, пульмонолог, вирусолог, реаниматолог сыяктуу тар адистиктер боюнча ординатурада окуусу үчүн бөлүнүүдө.

«Мындай чечим пандемия шартында медициналык кардларга болгон муктаждыкты эске алуу менен, ошондой эле өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо жана каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында кабыл алынды»,-деди Джусупбекова.

Кошумча бөлүнгөн гранттык орундарга абитуриенттерди тандоо жана каттоо үчүн 22-26-август күндөрү кошумча тур жарыяланат:

22-27-август 14-00гө чейин – талондорду каттоо жүрөт;

28-29-август 17-00гө чейин – абитуриенттер ЖОЖго кабыл алынуу тууралуу ниетин тастыкташы керек.

Конкурска катышуу үчүн 2020.edu.gov.kg сайтына катталуу зарыл