Бүгүн да үзүлбөгөн үмүт менен доктурдун кабинетинин жанында 15 чакты аял  кезек күтүп жатабыз. Баарыбыздын эле көйгөйүбүз бир окшойт. Артын салып отурган келин, үшкүрүнө эшик жакты карап койду.  Курсагын кучактап врачтан чыккан келинди суктана карап алды. Аркы-берки, өткөн-кеткенден кеп козгоп, бул жерге келгенин да себебин айтып берди.

Жашы 26 да,аты Гүлүмкан экен. Эже турмушка чыкканыма 8 жыл болду. Уулубуз бар 7 жашта. Андан кийин такыр боюма бүтпөй жатат, кайынэнем  төрөбөйсүңбү деп көп уруша турган болду. Каранбаган жерим калбады. Кайсыл жерде балалуу болууга жардам берет экен дегенди укканда учуп жетем дейт. Ушул дарыгер эжени жакшы деп угуп келгенин айтты.

Аны угуп  отуруп мен да өзүмдүн тагдырымда ага айттым. Кантсе да дартыбыз бир, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Мен деле жашым 28 де, кызым бар, экинчиси боюмдан түштү. Арадан канча жыл өтсө да  кайра балалуу болбой жатабыз дедим. Биздин кыргыз энелери бир чети келинди эле кыйнай беришет төрөбөйсүң деп, бирок уулуна чаң жугузгусу келбейт. Чынында биз жолдошум экөөбүз бир дарыгерге барганда айткан, аялыңда баары жакшы,сен каранып, дарылануу керексиң, суук тийиген деп. Эмнегедир эркектер, дары ичип каранып аракет кылгандын ордуна, оңой гана күнөөнү аялга оодарып коюшат. Жан күйдүрүп, досум балалуу болуптур, сен дагы эле жүрөсүң дегенде күйбөгөн жериң күл болот. Аз келгенсип, кайын журт, туугандар баары жалгыз эле келинди күнөөлүү карай берет. Кээде, кайынэне кемсинтип, сөөккө жеткен сөздөр менен, баласына башка төрөй турган аял алып берээрин айтканда, аалам тарып,өзүңдү араң кармайсың. Кээде ар кайсы этекти аңдып жүрүп, тукумдары соолуганын айткын келет,бирок тил кыска. Эртеңки күндү ойлойсуң…  

Аңгыча кезеги жетип жанымдагы келин дарыгерге кирип кетти, ар кайсы тумандуу ойдун чулгоосунда мен калдым. Азыр үйгө  барсаң баягы эле кайталанма жумуш. Баягы эле суроо, дарыгер эмне деди, төрөйт бекенсиң деген…