Айта берсем арман көп. Ичимдеги тоодой болгон арманымды, бөлүшөөргө адам таппай сиздердин колдооңуздарга муктажмын. Анда мени кыйнаган оюмду сиздер менен бөлүшө кетейин. Атам жок жалгыз апам бар болчу, эми ошол жалгыз апамдан да жакында айрылып калдым. Мындайча айтканда томолой жетим болуп калдым. Кээде туруп ушунчалык капа болуп кетем. Ата-энеси барларга көзүм күйөт. Эми түйшүктүн баары менин мойнумда калды. Эки сиңдим бар аларды караш менин мойнумда. Баари бир ата-эненин ордун эч ким баса албайт экен.

Менин өзүмдүн 2 балам бар Кудайга шугур. Өзүбүздүн да үйүбүз жок батирде турабыз. Апам өткөндө үй алабыз деген акчаларыбыз иштелип кетти. Анан апамдын насыясы бар эле аны дагы төлөп жатат жолдошум. Эми өзүңүздөр билесиздер укпаган сөздү угуп эле келе жатам. Атамдын апамдын туугандары жактан колдоо болгон жок.

Алар бизди тескерисинче эми кантишет экен деп сыноо менен четтен карап турушту. Аллага шүгүр жакшы жолдошум бар экен биздин абиийрибизди жапты. Жолдошумдун айтуусу боюнча апамдын шаарда жер тамы бар ошону өзүнө өткөрүп ал дейт. Эки сиңдимди мен окутам өзүм күйөөгө берем дейт. Эми эмне кылсам? Кандай кылсам туура болот кеңешиңздерге зармын.