Эпидемологиялык абалга жараша карантиндик эрежелер ар бир мамлекетте ар кандай сакталууда. Алсак, Казакстанда 17-августан тартып карантиндик чаралар жумшартылып, жумуш күндөрү катаал чаралар кирди. Ушул дем алышта тактап айтканда 22-23-августа карантиндик эрежелер сакталат.

Бир катар мекемелердин иши токтотулат. 65 жаштан ашкан адамдар үчүн көчөгө чыгууга тыюу салынды. Дарыканалар менен супермаркеттерди эске албаганда соода түйүндөрү жана оюн-зоок жайлары ачылбайт.

Казакстанда 21-августка карата жалпы 124 миң адамдан коронавирус оорусу аныкталган.