Дарига Назарбаеванын тун уулу Нурали Алиев социалдык тармактагы жеке баракчасына каза болгон иниси Айсултан Назарбаевдин эч жакка жарыялана элек архивдик сүрөттөрүн жарыялады.

«Сүйүктүү бир тууганым Айсултан, менде азыр болуп жаткан жагымсыз учурду сөз менен айтып жеткире албайм. Сен менин оюмда түбөлүккө каласың, жаткан жериң жайлуу болсун!», — деген Алиев.

Белгилей кетсек, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев 16-августта каза болгон. Өлүмдүн себеби катары Айсултандын жүрөгү токтоп калган деп кабарланган. Ага карабай, кээ бир маалымат булактары аны баңгиге ууланган деп жазып чыгышкан.