Эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев сахналаш достору биринин артынан бири улам саясатка кадам таштап, депутаттыка талапкерлигин көрсөтүп, өзү дагы баргысы келеби айтор биринчи элдин пикири менен эсептешүүнү эп көрдү.

Ал соцтармактагы баракчасына: Саясатка кызыгасыңарбы? Кызыгыш керекпи? Ырчылардан жакшы саясатчы чыгышы мүмүнбү?,-деп суроо калтырды.

Ырчынын бул билдирүүсүнө кыя өтпөгөн Интернет колдонуучулары түрдү пикирлерди калтырышты.

«Саясатка анча кызыкпаймын бирок оюмду айтсам. Ырчалардын билимдуу ыймандуу намыстуу жигиттери келсе жакшы болмок», «Ырчылар барып депутат менен чогуу элдин, башын айландырып ырдап бериш керек», «Менимче туура эмес , ырдап эле жүрсө жакшы болмок, сассык саясаттагы адамдар элге жек көрүндү болду го»,-деген ойлорун бөлүшкөн.