КРнын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова «Биримдик» партиясы менен шайлоого бара турганын расмий тастыктап, калкка кайрылуу жолдоду. Анын айтымына караганда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого талапкеригин койгон. Бирок түрдүү себептер менен алып салган.

«Урматтуу досторум!
Шайлоо жакындаган сайын кичинекей мүмкүнчүлүктү өз пайдасына оодарып, жалгандан пиар жасап көнгөн айрым адамдардын аракети менен адаттагыдай эле менин тегерегимде түркүн кеп, узун ушак сөздөр жүрүп жатат. Бир канча партияларга барып аракет кылды, тигиге- буга барып жүрөт, же дагы башка ушу сыяктуу түрдүү, жөө ушактар жада калса ЖМКларга дагы макала болуп чыгып жатат.
Мен бул боюнча сиздерге кайрылып, расмий билдирүү жасоону туура көрдүм. Өзүңүздөр билгендей, мен пандемия алдында Ош шаардык жергиликтүү кеңешине «Биримдик» партиясынын атынан кандидатурамды койгом. «Дарак -бир жерден көгөрөт»
Менин тандоом » Биримдик » партиясы !
Бүт дүйнөгө тараган кара тумоо биздин өлкөгө да келип, өзгөчө абал киргизилип, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо иштери токтотулгандан кийин, мен үй-бүлөм жана чыгармачылык иштерим менен гана алекмин. Эч бир партияга барып, суранып, Жогорку Кеңешке аттанам деген жерим жок, бул негизсиз ушак. Мен өз таандоомду жасагам , мен «Биримдик» партиясы менен биргемин бирок бул шайлоодо эч бир партия менен Жогорку Кеңешке баруу ниетим жок экен расмий билдирем.
Буйруса келечек алдыда , Кыргызстан үчүн кызмат кылуучу күндөр алдыда.
Ал эми бул шайлоодо өлкө үчүн чын дилден күйгөн мыкты партиялар тандалышына тилектешмин.
Баардык кандидаттарга ийгилик!
Биримдикте ынтымактуу жашайлы!
Урматтым менен : Самара Каримова»,-деп жазат ырчы.