Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекованын бүгүнкү күндө абалы жакшы. Анын саламаттыгы күндөн күнгө оң жакка өзгөрүп жатканын өмүрлүк жолдошу, ырчы Нурлан Насип видеокайрылуусунда айтты.

Айтымында, Асел Кадырбекованын ден соолугу толук калыбына келиш үчүн дагы убакыт керек.

«Аселдин кырсыкка кабылганына 2 айдай убакыт болуп калды. Ушул убакыт аралыгында дос-жар, тууган-урук, тааныштар, күйөрмандар айтор көптөгөн адамдар анын айыгып кетишин Кудайдан тиледи. Сиздерге анын абалын айтып коюуну туура көрдүм.

Кудайдын буйругу менен Асел жакшы болуп келе жатат, азыр кызы менен ойноп, өзү басып, өзү тамак ичип, биз менен сүйлөшүп бизди сүйүнтүп жатат. Алгач жаратканга ыраазымын, андан кийин Бишкектеги №4 шаардык оорукананын жамаатына, анын ичинде хирург Сабырбек Жумабековго, анан сөзсүз жалпы кыргыз элинин жакшы тилеги үчүн ыраазымын», — дейт Нурлан Насип.

Эске салсак, ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында автокырсыкка кабылган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

https://www.instagram.com/tv/CEKSFmpB2J2/?igshid=1iws7af462avn