«Манас» эл аралык аэропортунда 21-августта «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул каттам менен мекенине Россиядан 159 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Элчиликтин кызматкерлеринен, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын жана ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү иштери улантылууда.